Ош шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттүКыргызстанга америкалык «Boeing» учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралуудаАКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — Рубио
Дыйкан-фермерлер 2030-жылга чейин жер салыгынан бошотулушат
12.06.2025 | 15:43
Дыйкан-фермерлер 2030-жылга чейин жер салыгынан бошотулат. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жеңилдик буга чейин 3 жылга киргизилген, эми бул мөөнөт дагы 5 жылга узартылууда.
Кубанычбек Ысабеков бул дыйкан-фермерлерди колдоо максатында киргизилип жатканын белгиледи.
“2030-жылга чейин айыл чарбадагы көйгөйлөр чечилип, биздин дыйкандар бутуна туруп, туруктуу кирешелерди алып баштагандан кийин анан жер салыгын карайбыз, ошондо төлөшөт”,- деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом