Боом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айланды
Мектеп бүтүрүүчүлөрү күбөлүк менен аттестаттарды 30-июнда алышат
12.06.2025 | 16:55
30-июнда өлкөнүн бардык мектептеринде 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк жана орто жалпы билим жөнүндө аттестат тапшырылат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.
Министрлик документтерди тапшыруу учурунда коопсуздукту камсыз кылуу ар бир билим берүү мекемесинин жетекчисинин жеке жоопкерчилигинде болорун билдирди.
Белгилей кетсек, 2024-2025-окуу жылында 9-классты 134 миң 681 бүтүрүүчү, 11-классты 80 миң 540 бүтүрүүчү аяктап жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом