Бишкекте жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-ноябрда саат 22:00дөр чамасында автоунаа Бишкек шаарынын Термечиков көчөсүндө жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Натыйжада 55 жаштардагы адам окуя болгон жерде каза болгон. 

Ыкчам-издөө иш аракеттеринин натыйжасында жөө жүргүнчүнү сүзгөн «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү автоунаа экендиги такталган. Ал эми автоунаанын ээси 31 жаштагы О.Э. аттуу жаран экени аныкталып, кармалган.

Шектүү Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>