Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өткөрүлөт

Президенттин 2025-жылдын 6-сентябрындагы №2032 Жарлыгына (“Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө”) ылайык, 2025-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында жалпы ишембилик өтөт.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык шаар тургундарын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан мекеме-уюмдарды ишембиликке активдүү катышууга чакырууда.
Мэриянын маалыматына караганда, ишембиликтин негизги максаты – борбор калаанын тазалыгын камсыз кылуу, коомдук жайларды көрктөндүрүү жана жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү.
“Шаарыбызды таза, кооз жана жашоого ыңгайлуу кылуу – ар бирибиздин колубузда. Бардыгыңызды ишембиликке катышууга чакырабыз”, – деп белгилешти шаар бийлигинен.