Бишкекте жана Чүйдө айрым көчөлөр 3 күн бою маал-маалы менен жабылып турат

Бишкекте жана Чүйдө айрым көчөлөр 3 күн бою маал-маалы менен жабылып турат

Бишкекте 4-6-ноябрда Бишкектин жана Чүй облусундагы көчөлөр маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Жолдор Түркиянын президентинин мамлекеттик сапарына жана Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтө тургандыгына байланыштуу жабылып турмакчы.

Чектөө кире турган көчөлөр:

  • «Манас» аэропорту – Бишкек жолу
  • Чүй проспекти Фучик көчөсүнөн Манаска чейин
  • Манас жана Айматов проспектиси «Ала-Арча»мамлекеттик резиденциясына чейин.

Кайгуул кызматы айдоочуларды аталган көчөлөрдүн жээктерине унааларын калтырбоону, зарыл болбосо, жүк ташуучу унаалар менен жолго чыкпоого, жол эрежесин сактоого чакырат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>