Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Бишкекте жаңы №33 электробус жүрө баштады
22.11.2025 | 13:35

Бүгүн, 22-ноябрдан, тарта борбор калаада жаңы №33 электробус каттамы иштей баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Эми ДЕПО-2ден «Жаштар кварталына» чейин заманбап, ыңгайлуу жана экологиялык жактан таза электробустар жүрөт.
№33 электробустун жүрүү багыты төмөнкү көчөлөрдөн өтөт: Ш. Баатыр проспекти, Ауэзов көчөсү, Анкара көчөсү, Горький көчөсү, Юнусалиев көчөсү, Ахунбаев көчөсү, Жукеев – Пудовкин көчөсү, А. Токомбаев көчөсү, Байтик Баатыр көчөсү, Семетей көчөсү, Ч. Айтматов проспекти, А. Масалиев көчөсү, акыркы аялдама — «Жаштар кварталы».

Рубрики: Жаңылыктар, Коом