Бишкекте Улуттук травматология жана ортопедия борборунун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Курулуп жаткан борбордун жалпы аянты 34 миң 500 чарчы метрди түзөт. Оорукана 440 койкага ылайыкталган. Мындан тышкары жер астындагы жана жер үстүндөгү унаа токтотуучу жайлар курулат. Өзгөчө кырдаалдар үчүн имараттын чатырында заманбап тик учак аянтчасын куруу пландалган. Ал жерге бейтаптар санитардык авиация менен жеткирилет.
Борбордун курулушуна мамлекеттик бюджеттен 3 миллиард сом бөлүнгөн. Курулуш ишин кийинки жылы бүтүрүү пландалган.
Министр Чечейбаев жаңы борбор жаракат алган жана таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары менен жабыркаган бейтаптарга медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртарын белгилеген.
«Бул борбор алдыңкы жабдуулар менен жабдылып, анын адистери республиканын бардык аймактарынан келген бейтаптарга квалификациялуу жардам көрсөтөт. Мындан тышкары ал травматолог-ортопеддерди даярдоочу негизги окуу жайга айланып, өлкөнүн медициналык окуу жайын чыңдайт»,- деген ал.