Бишкекте жарым марафон жарышы өттү

Бишкекте жарым марафон жарышы өттү

Бишкекте One Run эл аралык жарым марафону болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Бүгүн, 19-май күнү Бишкек шаарында “One Run” Эл аралык жарым марафону болуп өттү.

Жарышка 12 өлкөдөн (Кыргызстан, Беларусь, Кытай, Франция, Индия, Казакстан, Түштүк Корея, Нидерланд, Россия, Түркия, АКШ, Өзбекстан) 2000ден ашык жөө күлүк катышты.

Катышуучулар 1, 5, 10 жана 21,1 км аралыкка чуркашты. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

21.1 км (эркектер):

1-орун Александр Салахудинов (01:06:55);
2-орун Тилекжан Жекшеналы уулу (01:06:59);
3-орун Александр Сторожев (01:09:09).

21.1 км (кыз-келиндер арасында):

1-орун Мария Коробицкая (01:17:25);
2-орун Вераника Важник (01:18:30);
3-орун Айгерим Абденбаева (01:35:13).

10 км (эркектер арасында)

1-орун Андрей Стижаков (00:30:59);
2-орун Эламан Абылабеков (00:31:30);
3-орун Василий Перминтин (00:32:01).

10 км (кыз-келиндер арасында):

1-орун Асель Акылбекова (00:39:50);
2-орун Жаркынай Тойчубаева (00:41:59);
3-орун Айым Өзгөрүшова (00:43:54).

5 км (эркектер арасында):

1-орун Сүйүнбек Кубанов (00:15:51);
2-орун Игорь Измаилов (00:15:53);
3-орун Дастан Марат уулу (00:15:56).

5 км (кыз-келиндер арасында):

1-орун Ульяна Колосова (00:22:28);
2-орун Жылдыз Додоева (00:22:55);
3-орун Арууке Кушчубекова (00:23:26).

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>