Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Бишкекте жаш балдардын порно видеосун тартып саткандар кармалды
22.03.2024 | 11:56
Кыргызстанда балдардын порнографиясын тараткан сайттар аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Ал Нидерландиянын жана Норвегиянын полициясынын көмөгү менен ишке ашты.
Ал сайттар балдардын сексуалдык зомбулуктарын камтыган материалдарды сактап жана жайылтып турушкан. Ага кирүү акысы крипто-транзакциялар менен төлөнүп турган.
Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси (Баланы порнобизнеске тартуу) менен кылмыш иши козголуп, 35 жаштагы Н.М.Т. аттуу жаранды кармалды.
Андан балдардын порнографиялык видеосу тартылган файлдар алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом