Кыргызстандык тайбоксчулар дүйнө чемпионатында 15 медаль утту

Кыргызстандык тайбоксчулар дүйнө чемпионатында 15 медаль утту

Кыргызстандын тайбокс (муай-тай) боюнча мушкерлери Таиланддын Бангкок шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 15 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Байгелердин 9у алтын, үчөө күмүш, дагы үчөө коло.

Алтын медалды Алия Саадаева (48 кг), Диана Зайнитдинова (51 кг), Милана Шихабекова (51 кг), Аделя Асылбек кызы (60 кг), Альберт Бактыбеков (57 кг), Мухаммедали Алиев (60 кг), Мухабат Орозбекова (67 кг), Елазан Замирбекова (57 кг), Никита Цой (60 кг) алды.

Күмүш байгеге Ихтияр Каныбеков (63,5 кг), Арина Барабанова (60 кг), Ахмед Ашурбеков (67 кг) татыды.

Коло медалды Болотбек Алимырзаев (54 кг), Ильяс Абдулин (54 кг), Адилхан Акмолдоев (71 кг) тагынды

Тайбокс боюнча дүйнө чемпионаты 12-20-март күндөрү өттү.

Курама команда мелдешке машыктыруучулар Сыргак Айталиев, Дилшат Даутов жана Олег Цойдун жетекчилиги алдында катышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>