Этникалык кыргыздар болгон чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилдиАдылбек Касымалиев Казакстанга болгон жумушчу сапарын жыйынтыктады. Эмнелер тууралуу сөз болду?Маркировкасы жок болгондуктан Казакстандан келген 25 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокКыргызстанда 2026-жылкы балык уулоо сезону расмий ачылдыГуанчжоу – Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар аткарыла баштадыОш көчөсүн капиталдык оңдоп-түздөө иштери башталды
Бишкекте жеңил унаа сүзүп кеткен 64 жаштагы жаран көз жумду. Шектүү кармалды
26.09.2024 | 17:58
Бишкекте жеңил унаа сүзүп кеткен 64 жаштагы жаран көз жумду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсык бүгүн, 26-сентябрда таңкы саат 05:55те болгон. “Хонда-Фит” Байтик баатыр көчөсү менен баратып Кулатов көчөсүнө жеткенде, 64 жаштагы жаранды сүзүп кеткен. Айдоочу окуя жеринен изин жашырган. Ал эми ал сүзгөн жаран тез жардам унаасынын ичинде ооруканага жетпей көз жумган.
Кайгуул кызматы билдиргендей, “Хонда-Фит” унаасынын 37 жаштагы айдоочусу К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом