Караколдо заманбап шаардык пляж ачылды — сүрөттөрЫсык-Көлдөгү коопсуздук: ӨКМ күн сайын рейддерди өткөрүүдөТрамп «төртүнчү мөөнөт» тууралуу тамашалап, «Trump 2028» жазуусу бар кепка кийдиЫсык-Көлдө Өзбекстандын маданият күндөрү башталат: 200 артист келдиАт-Башыда жарылуудан улам бир киши колунан айрылды — текшерүү жүрүүдөКыргызстанда кафе жана ресторандарды пландан тышкары текшерүү кайтарылышы мүмкүн
Бишкекте жеңил унаа сүзүп кеткен 64 жаштагы жаран көз жумду. Шектүү кармалды
26.09.2024 | 17:58
Бишкекте жеңил унаа сүзүп кеткен 64 жаштагы жаран көз жумду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсык бүгүн, 26-сентябрда таңкы саат 05:55те болгон. “Хонда-Фит” Байтик баатыр көчөсү менен баратып Кулатов көчөсүнө жеткенде, 64 жаштагы жаранды сүзүп кеткен. Айдоочу окуя жеринен изин жашырган. Ал эми ал сүзгөн жаран тез жардам унаасынын ичинде ооруканага жетпей көз жумган.
Кайгуул кызматы билдиргендей, “Хонда-Фит” унаасынын 37 жаштагы айдоочусу К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом