Адылбек Касымалиев АКШнын Стэнфорд университетине тапшырган Амиртай Бексултановду куттуктадыИран АКШ менен убактылуу элдешүүдөн баш тартып, тынчтык үчүн өз шарттарын койдуЖРТга даярдануу үчүн «Булак» тиркемесине 61 миңден ашык окуучу катталдыЖабыркаган аскер кызматкеринин абалы туруктуу оор бойдон калууда – Саламаттык сактоо министрлигиКыргызстандын Айыл чарба министрлиги урук чачуу мезгилинде балык уулоого убактылуу чектөө киргиздиХоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курамасы Болгарияны жеңди
Бишкекте эки жетим балага батирдин ачкычы тапшырылды
31.03.2024 | 15:40
Бишкекте жетим балдар Айжамал Жеңишбекова менен Халида Кадырбек кызына батирдин ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Бишкек шаардык прокуратурасы жетим балдарды үй менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү сунушун мэрияга киргизген. Аны аткарууда шаар мэри Айбек Жунушалиев батирлердин ачкычын тапшырды.
Ачкычтарды тапшыруу аземине Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары Э.Ыдырыс уулу, бөлүм башчы Д.Каимова жана башкармалыктын прокурору Г.Алымкулова катышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар