Бишкекте жол тескөөчүсүнө пара берип жаткан чет элдик жаран кармалды

Бишкек шаарында жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерине пара сунуштаган чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-августунда, “KIA MORNING” үлгүсүндөгү унаанын 2002-жылы туулган айдоочусу И.У.Х. мас абалында унаа башкарганы үчүн токтотулган. Ага протокол түзүлүп, автоунаа айып короо жайына токтотулган.
Кийин айдоочу бул маселени оң жагына чечүү максатында ЖКККББнын башка кызматкерине пара сунуштаган. Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (“Пара берүү”) менен кылмыш иши козголгон.
6-августта ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан 2001-жылы туулган Б.М.Т. аттуу чет элдик жаран ЖКККББнын тескөөчүсүнө 10 миң сом пара берип жаткан жеринен иш бөлмөдөн кармалган.
Шектүү камакка алынып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.