ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Бишкекте жоогазындар фестивалы өтүп жатат
02.03.2026 | 14:56

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында 2-марттан 10-мартка чейин жоогазын фестивалы өтөт. Аны Айыл чарба министрлиги «ТюлпанЛенд» компаниясы менен биргеликте өткөрүүдө.
Фестивалдын алкагында жоогазын гүлдөрү дүң жана чекене баада сатыкка коюлду. Продукциянын баасы 75 сомдон жогору белгиленген.
Иш-чаранын максаты — ата мекендик гүл өстүрүүчүлөрдү колдоо, жаңы сортторду жайылтуу жана тармакка инвестиция тартуу болуп саналат.
Фестивалда жоогазындын ар түрдүү сорттору сунушталып, өндүрүүчүлөр өз продукциясын керектөөчүлөргө тааныштырууда. Ошондой эле адистер гүл өстүрүү боюнча кеңештерди берип, тажрыйба алмашуу уюштурулууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом