Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Бишкекте жыл аягына чейин 100 эски лифт алмаштырылат
04.08.2023 | 21:38
Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары Жыргалбек Шамыралиев муниципалдык лифттерди модернизациялоо боюнча иштердин жүрүшүн текшерди.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө “Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасынын директору Майрамбек Саманчиевге 100 лифтти 2023-жылдын ноябрь айынын аягына чейин алмаштыруу иштерин тездетүү тапшырмасы берилди.
Жалпысынан “Бишкекшаарлифт” ишканасынын өндүрүштүк программасынын алкагында 2023-жылга муниципалдык 100 лифтти алмаштыруу каралган.
Азыркы учурда келишимдин шарттары боюнча 59 лифт алынып, алардын ичинен 47 лифт толугу менен алмаштырылды жана пайдаланууга берилди. Учурда муниципалдык ишкана тарабынан 12 лифтти модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом