Бишкекте 61 аз камсыз үй-бүлө бизнес баштоого 100 миң сомдон алышты

Бишкекте 61 аз камсыз үй-бүлө бизнес баштоого 100 миң сомдон алышты

Бир жарым жылдан бери Бишкекте 450дөн ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык келишим түзгөн. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев бүгүн, 4-августта борбор калаанын мэриясында өткөн 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу аземинде билдирди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Дастан Бекешев, биринчи вице-мэр Мирланбек Байгочоков катышты.

«Өлкө боюнча бир жарым жылдын ичинде дээрлик 13 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жеке бизнесин ачып, киреше ала башташты. Бишкекте үй-бүлөлөрдүн 90%дан жогору жумасына 3 миңден 10 миңге чейин кирешеге жетишти. 312 тигүү цехи, 21 коомдук тамактануу пункту, 10 сулуулук салону ачылды.

Транспорттук кызмат көрсөтүү боюнча 26, соода тармагында 45, калкка ар кандай кызматтарды көрсөтүү боюнча 18, мал чарба жана дыйканчылык багытында 22 долбоор ишке кирди.

Долбоордун катышуучулары өз жашоосун гана жакшыртпастан, башкаларга жардам берүү менен жумуш орундарын түзүүсү маанилүү. Алсак, Гүлжан Кабыланбекова кичи пиццерия ачып, үч жумушчу орун түздү. Зейнеп Корчубекова пластик терезелерди чыгаруучу цех ачып, бүт үй-бүлөсүн жумуш менен камсыз кылып, айына 30 миң сомго чейин киреше табат.

Гипариза Абдираимова бизнесин эки тигүүчү машина менен баштап, буга чейин дагы эки машинаны киреше менен сатып алууга жетишкен», — деди министр.

Кудайберген Базарбаев ошондой эле долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусуна Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик чоң салым кошконун белгиледи.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>