Бишкекте жылытуу мезгили башталды: шаар тургундарына маанилүү эскертүү

03.11.2025 | 21:00

Бишкек шаарында жылытуу сезону расмий түрдө башталды. Мэрия шаар тургундарын жылытуу системасын колдонууда этият болууга жана бир катар сунуштарды аткарууга чакырууда.

Маалыматка ылайык, жылытуу системасын ишке киргизүү – көп баскычтуу жана татаал процесс, ошондуктан көп кабаттуу үйлөргө жылуулук үч күндүн ичинде этабы менен берилет.

Биринчи кезекте жылуулук социалдык маанидеги объектилерге — мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык мекемелерге берилет. Бул мезгилде ысык суу берүүдө убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн.

Шаар тургундарына төмөнкү сунуштар берилди:

  • Эгер жылытуу системасында оңдоо иштери жүрүп жатса — суу каптоонун алдын алуу үчүн дароо тиешелүү кызматтарга кабарлоо;
  • Жогорку кабаттардын тургундары радиаторлордон абаны чыгарып туруу;
  • Радиаторлордун абалын текшерүү жана суу агып жаткан жери жок экенине ынанып туруу;
  • Терезе жана эшиктердин боштуктарын жылуулап, жылуулукту сактоо.

Авариялык абал же суу каптоо сыяктуу кырдаалдар жаралганда төмөнкү байланыштарга кайрылууга болот:

Колдоо борбору:

(0312) 61-11-69, 1980, 0557 611166, 0777 611166, 0701 611166

Диспетчердик кызмат: 56-85-58

Борбордук райондун нөөмөттөгү инженерлери: 36-57-19, 30-07-67

Түштүк райондун нөөмөттөгү инженерлери: 51-06-22, 21-74-06

Scroll to Top