Бишкекте жүрөгү ооруп жаткан аялды ооруканага жеткирген эки милиционерге ыраазычылык айтылды

Бишкекте жүрөгү ооруп жаткан аялды ооруканага жеткирген эки милиционерге ыраазычылык айтылды

Бишкекте милиция кызматкерлери жүрөгү ооруп жаткан аялды ооруканага жеткирип, жардам көрсөткөн. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, окуя 5-августта болгон. Жибек-Жолу жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде кызмат өтөт жаткан ИИМдин Күзөт кызматынын милиция кызматкерлерине шаар тургуну жардам сурап кайрылган. Ал жубайынын жүрөгү ооруп жатканын, ооруканага тез арада жеткирүү керектигин, бирок жол тыгынына байланыштуу бейтапканага тез жете албай жатканын айткан.

Милиция кызматкерлери жарандын кайрылуусуна кайдыгер карабай,  аялды кызматтык унаа менен ооруканага жеткиришкен. Туугандары болсо өздөрүнүн унаасы менен милициянын артынан барган.

«Милиционерлердин аракетинин натыйжасында аялга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүп, өмүрүнө коркунуч жаралган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Кийинчерээк Бишкек шаарынын тургуну Бакыт Жакыпбек уулу жубайынын өмүрүн сактап калган куткаруучуларды ыраазычылык билдирүү үчүн издей баштаган.

Ал жакында эли ИИМдин коомдук кабылдамасына барып, жубайы Гүлнара Жамангулованын министр Улан Ниязбековдун дарегине жазган ыраазычылык катты алып келген. Катта милиция кызматкерлери өз ишин мыкты аткаргандыгы, зарыл болуп урган учурда жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык сөздөрү айтылган. .

«ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн милиционерлери милициянын сержанттары Кенжебай уулу Азаматка жана Темирлан Зарлыковго кылдат жана ыкчам иш-аракеттери үчүн терең ыраазычылык билдирем. Алар адамдык мыкты сапаттары менен бирге өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасарын көрсөтүштү.

Сиздердин милиционерлердин аракеттери жогорку жоопкерчиликтин, өз ара колдоонун жана адамгерчиликтин үлгүсү болуп саналат. Ички иштер органдарынын кызматкери деген наамына татыктуу. Башкалардын көйгөйлөрүнө кайдыгер карабай, камкор мамиле кылган кызматкерлерди тарбиялагандыгы үчүн Сизге чоң ыраазычылык билдирем», — деп айтылат катта.

Жамангулованын айтымында, ооруканага бара жатканда ал өзүн жаман сезип, эсин жогото баштаган. Бирок милиция кызматкерлери колдоо сөздөрүн айтып, алардын айткандары ага эмоционалдык оор абалдан оңой чыга алган.

ИИМдин Күзөт кызматынын башчысынын буйругуна ылайык, Азамат Кенжебай уулу жана Темирлан Зарлыков Ардак Грамоталар менен сыйланды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>