Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Бишкектеги 14 сейил бакта соода орундар ижарага берилет
19.12.2024 | 09:30
Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти борбор калаадагы 14 сейил бакта соода орундарды ижарага берүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Сейил бактарда балмуздак, суусундук, кофе, попкорн, таттуу кебез жана балдар оюнчуктарын сатуу үчүн ижарага соода орунун алууну каалагандар департаментке арыз менен кайрыла алышат. Дареги – Чокморов көчөсү, 246; маалымат алуу үчүн телефон номери – 0312 979 195; иштөө убактысы – 09:00 – 18:00.
Бериле турган соода орундар:
- Адинай – 6 орун;
- Ата-Түрк – 5 орун;
- Кайың багы – 4 орун;
- Жаңгак токою – 4 орун;
- Жукеев-Пудовкин гүлбагы – 3 орун;
- Кара жыгач токою – 5 орун;
- Боталиев – 4 орун;
- Ч.Түлөбердиев – 1-орун;
- Фучик – 4 ай;
- Жаштар – 11 орун;
- Кыргыз-корей достугу сейил багы – 2 орун;
- Ынтымак-1 – 3 орун;
- Ынтымак-2 – 7 орун;
- Жеңиш сейил багы – 5 орун.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом