Бишкек шаарындагы батирден 57 жаштагы адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, куткаруучулар Ж.Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан №8 үйдүн 106-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, ичинен 1965-жылы туулган К.А.Д. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Эшик ачууга 4 куткаруучу тартылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз