УКМК: Соттон пара талап кылган коомдук уюмдун төрагасы кармалды

УКМК: Соттон пара талап кылган коомдук уюмдун төрагасы кармалды

«Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин төрагасынын милдетин аткаруучу жергиликтүү соттордун биринин төрагасынан акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, А.О. аттуу жаран соттун төрагасынан 200 миң сом пара талап кылган.

«Такталгандай, кармалган А.О. кыймылдуу мүлктү сатып алууда жасалма карыз фактысы тууралуу маалыматты жашыргандыгы үчүн жергиликтүү соттун төрагаларынын биринен 3,6 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган. Болбосо бул маалыматты өлкөнүн жогорку жетекчилигине жеткирерин, массалык маалымат каражаттарында жарыяларын айтып коркуткан», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, шектүү сотту кызматтан кетирүү үчүн президенттин администрациясында байланыштары бар экенин айткан. Кармалган А.О. аттуу шектүү К.Т.А. аттуу жарандын  кызыкчылыгында иш алып барып, кылмыштуу аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында андан жасалма ойдон чыгарылган арыз да жаздырып алган.

«Белгилей кетсек, А.О. жана К.Т.А. мурда «зордуктоо» жана «алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери жүрүп жатат», — деп билдирет УКМК.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>