Мэрия Бишкек шаарындагы базарларда санитардык күн кыскартылып, айына эки жолу дүйшөмбү күндөрү өткөрүлө тургандыгын билдирди.
Мындай чечим ишкерлер жана соода базарларынын өкүлдөрүнүн санитардык күндөрдүн санын кыскартуу боюнча кайрылуусунан кийин кабыл алынган.
Мэрия щшол эле учурда санитардык абалды жана жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү, чарба субъекттери тарабынан соода түйүндөрүн дезинфекциялоо, ошондой эле өрткө каршы нормаларды жана талаптарды сактоону көзөмөлдөө боюнча чаралар күчөтүлөрүн билдирди.
«Базарларды санитардык жана өрткө каршы коопсуздук эрежелерине ылайык келтирүү боюнча иш-чаралар туруктуу негизде улантылат. Бул талаптар соода тармагындагы бардык катышуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет»,- деп айтылат маалыматта.