Бишкектеги бир көчө кесилишинде жаңы кыймыл схемасы киргизилди

Бишкектеги А.Токомбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде жол кыймылынын схемасына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, «Бишкекасфальтсервис» ишканасы тарабынан аталган кесилишке 3.18.1 («Оңго бурулууга тыюу салынат») жана 3.18.2 («Солго бурулууга тыюу салынат») жол белгилери орнотулду.
Бул өзгөртүү Жукеева-Пудовкина көчөсү Токомбаев көчөсүнөн түштүк тарапка узартылып, ал жерде кыймыл түндүккө карай бир тараптуу уюштурулганына байланыштуу киргизилди.
Эми Токомбаев көчөсүнүн түштүк тарабынан Жукеев-Пудовкин көчөсүнө бурулууга тыюу салынды. Ошондой эле Токомбаев көчөсүнүн түндүк тарабынан Жукеев-Пудовкин көчөсүнө бурулууга да тыюу салынды.
Мэрия шаар тургундарын жана конокторун жаңы кыймыл схемасын эске алып, маршруттарын алдын ала пландап алууга чакырат.