Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Кыргызстанда соңку 10 жылда илбирстин саны дээрлик эки эсе көбөйдү
08.09.2025 | 16:18

Кыргызстанда илбирстин популяциясы акыркы он жылда дээрлик эки эсеге өстү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин бөлүм башчысы Эркинбек Мамаев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жырткычтын жашоо ареалын изилдөө үчүн Ысык-Көл жана Нарын облустарында атайын фотокапкандар орнотулган.
«Акыркы эсеп боюнча 2024-жылга карата илбирстин саны 511ге жетти. 2013-жылы болгону 282 эле», — деди Мамаев.
Ал ошондой эле акыркы үч жылда илбирске карата браконьерлик фактылары катталбаганын белгилеп, бул айып пулдардын жогорулашы менен байланыштуу болушу мүмкүн деп кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом