Бишкектеги «Дордой» базарынан бомба табылган жок. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин маалымат кызматы кабарлайт.
Бүгүн, 21-июль күнү саат 09:55 чамасында 102 кызматына «Дордой» базарына караштуу «Алкан» базарынын ичине бомба коюлганы боюнча маалымат келип түшкөн.
Жерине милиция кызматкерлери барып, базарды чектөөгө алып, адамдарды эвакуациялашкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз