Жогорку Кеңештин сайтын жаңылоого 4 млн сом жумшалат

Жогорку Кеңештин сайтын жаңылоого 4 млн сом жумшалат

Жогорку Кеңештин сайтын жаңылоо үчүн 4 миллион сом сарптоо пландалууда. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Техникалык тапшырмада веб-порталды модернизациялоонун максаттары Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтын көлөмүн көбөйтүү, ачык-айкындуулукту, жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, ошондой эле жарандык коом менен кайра байланыш системасын жана башка модулдук инструменттерди киргизүү экендиги белгиленген.

Веб-портал колдонуучуларга парламент (тарыхы, аппараты), Жогорку Кеңештин жана анын аппаратынын иши, жаңылыктары жана окуялары жөнүндө маалыматтарды алууга, жаңылыктарды жөнөтүүгө, парламенттин жыйындарынын, анын ичинде комитеттердин, фракциялардын жана башкалардын уктурууларын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө тийиш.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>