Бишкек шаарында көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык уланууда. Ишембиликке 30 миңден ашык адам катышканын мэрия билдирди.
Жалпысынан тазалоого 1146 мекеме-уюм чыгып, 265 тоннадан ашык таштанды жыйналып, аны чыгарууга 94 атайын техника тартылган.
Мындан тышкары ишембиликтин катышуучулары 385 түп көчөт отургузуп, 580 түп бак-дарактарды кыркып, дээрлик 27 км сугат каналдарын тазалап, 70 тонна курулуш жана инерттүү таштандыларды чыгарышты.
Муниципалдык инспекция кайсы мекеме иш жүзүндө өз участкаларын тазалоого чыкканын текшерди. Белгиленген 580 уюмдун ичинен үчөө ишембиликке чыккан эмес. Аларга мыйзам чегинде чара көрүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз