Бишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталууда

Бишкек шаарындагы коомдук тамактануучу жана башка калкка кызмат көрсөтүүчү жайларды дааратканаларына бардык адамдарды акысыз кирүүсүн камсыз кылууга милдеттендирүү сунушталды. Бишкек шаарынын мэриясы иштеп чыккан мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду.
Анда «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» мыйзамга төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:
Юридикалык жактар “акы төлөнүүчү санитардык-гигиеналык кызматтарды көрсөтүү үчүн атайын арналган дааратканалардан тышкары, коомдук тамактануу объекттеринин жана калкка кызмат көрсөтүүчү башка объекттердин дааратканаларына бардык адамдардын тоскоолдуксуз жана акысыз кирүүсүн камсыз кылууга” милдетүү.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун максаты калктын ден соолугун коргоону, элементардык санитардык кызматтарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо, коомдук жайларда санитардык маданиятты жогорулатуу, ошондой эле оорулардын алдын алуу системасын чыңдоо жана шаар чөйрөсүнүн сапатын жакшыртуу болуп саналат.