Бишкектеги көп кабат үйдөгү жарылуу. Кырсыктан ким каза болгону айтылды

21.08.2023 | 18:57

Бишкекте көп кабат үйдөгү жарылуудан кийин өрттөн каза тапкан адам Кореянын жараны болгон. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-августта саат 15:40та “102” кызматына 3-кичи райондогу көп кабаттуу үйдө газ баллону жарылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине Октябрь райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу барып, батирдин ичинен Кореянын 50 жаштагы Л.С. аттуу жаранынын сөөгү табылган. Сырттан кароо учурунда анын денесинде эч кандай ур-соккунун издери табылган эмес.

Кырсыктан жабыркагандардын бири №3 балдар ооруканасына, экинчиси №4 шаардык ооруканага алынып кеткен.

Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошондой эле алдыда өрт-техникалык экспертиза дайындалат.

Эскерте кетсек, буга чейин ӨКМ Бишкектин 3-кичи районунда көп кабат үйдө жарылуу болуп, өрттөн бир адам каза тапканын билдирген.

Бишкекте көп кабат үйдө жарылуу болуп, 1 адам каза тапты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top