Сентябрдан тарта директорлор жана завучтардын айлыгы көтөрүлөт

Сентябрдан тарта директорлор жана завучтардын айлыгы көтөрүлөт

2023-жылдын 1-сентябрынан тартып жалпы билим берүү уюмдарынын, атайын мектептердин жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын директорлорунун жана директорлорунун орун басарларынын кызматтык маяналары 50%га жогорулатылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, директорлордун жана директорлорунун орун басарларынын эмгек акысын жогорулатуу үчүн жылына 549 ​​млн сом, 2023-жылдын 1-сентябрынан тарта 183 млн сом талап кылынат.

«Натыйжада, 1-сентябрдан тарта Ысык-Көл облусунун айылдарынын бириндеги 100-600 окуучу билим алган мектептин 13 жылдан ашык эмгек стажы бар директору мурда 19143 сом айлык акы алса, эми 28715 сом маяна алат. Ал эми 13 жылдан ашык стажысы бар бул мектептин директорунун орун басары 1-сентябрдан баштап айлык акы жогорулатылганга чейин 17413 сом алса, мындан ары 26120 сом маяна алат», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Өзгөн районундагы 1800дөн ашык окуучусу бар айылдык мектептин биринде 15 жылдан ашык эмгектенген мекептин директору айлык жогорулатылганга чейин 23 731 сом алса, эми 35 597 сом маяна акы алат. Ал эми 15 жылдан ашык стажы бар бул мектептин директорунун орун басары 1-сентябрдан тарта мурда төлөнүп келген 21360 сомдун ордуна 32040 сом маяна акы алмакчы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: маяна

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>