Бишкектеги көп кабат үйдөгү жарылуу. Кырсыктан ким каза болгону айтылды

Бишкектеги көп кабат үйдөгү жарылуу. Кырсыктан ким каза болгону айтылды

Бишкекте көп кабат үйдөгү жарылуудан кийин өрттөн каза тапкан адам Кореянын жараны болгон. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-августта саат 15:40та «102» кызматына 3-кичи райондогу көп кабаттуу үйдө газ баллону жарылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине Октябрь райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу барып, батирдин ичинен Кореянын 50 жаштагы Л.С. аттуу жаранынын сөөгү табылган. Сырттан кароо учурунда анын денесинде эч кандай ур-соккунун издери табылган эмес.

Кырсыктан жабыркагандардын бири №3 балдар ооруканасына, экинчиси №4 шаардык ооруканага алынып кеткен.

Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошондой эле алдыда өрт-техникалык экспертиза дайындалат.

Эскерте кетсек, буга чейин ӨКМ Бишкектин 3-кичи районунда көп кабат үйдө жарылуу болуп, өрттөн бир адам каза тапканын билдирген.

Бишкекте көп кабат үйдө жарылуу болуп, 1 адам каза тапты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>