Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Бишкектеги «Манас» кинотеатрынын маңдайына жер астындагы өтмөк курулат
26.01.2026 | 10:23

Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатры менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) ортосуна жер астындагы өтмөк курулат. Бул тууралуу мэриянын транспорт департаментинин бөлүм башчысы Темирбек Мамашев жергиликтүү ЖМКларга билдирди.
Анын айтымында, Чыңгыз Айтматов проспектисинин бул тилкесинде мурда “зебра” бар болгон. Бирок ал жерден өтүү кооптуу болгондуктан жана көп жол кырсыгы катталгандыктан алынган. Эми бул жерде кайрадан жөө адамдар өтө ала турган өтмөк куруу пландалууда.
Мэрия буга чейин Айтматов проспектисине үч жер алдындагы өтмөк куруларын билдирген. Алар жолдогу унаалардын тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыз кылуу максатында курулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом