Бишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалды

18.10.2025 | 19:24

Бишкек шаарындагы соода борборлорун жардырам деп коркутуп, Telegram’да жалган билдирүүлөрдү тараткан шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Украинанын Ярослав Овсюк аттуу жараны Telegram’да «Ужас Бишкека» аталышындагы канал ачып, анын атын кийинчерээк «АВЕРСИОН» деп өзгөрткөн. Ал жерде Бишкектеги мектептерде жана соода борборлорунда болушу мүмкүн болгон террордук актылар тууралуу маалыматтар активдүү таратылган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө аты аталган каналда «’ayana» лакап атын колдонгон колдонуучу Бишкектеги ГУМ, ЦУМ, Бишкек Парк, Дордой Плаза, Asia Mall жана Tommy Mall соода борборлорун жардыруу ниетин билдирген аудио билдирүү калтырганы аныкталган. Бул билдирүү Бишкек шаарынын калкын дүрбөлөңгө салып, натыйжада борбор калаада туруксуздаштырууга мүмкүн болгон абал жаралган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Террордук актын жасайм деп коркутуу» беренесинин негизинде кылмыш иш козголгон.

17-октябрда жогоруда аталган билдирүүнүн автору, Кыргызстандын жараны Г.А.К. аныкталып, кармалган. Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эске сала кетсек, буга чейин соцтармактарда белгисиз киши Бишкектеги мектептерде жардыруулар болот деген айткан видео тараган. Бул окуя шаарда тынчсызданууну пайда кылып, мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияланган. Кийинчерээк аталган киши аныкталып, ал 20 жаштагы Ярослав Овсюк аттуу Украинанын жараны экени айтылган.

Scroll to Top