Бишкектеги түтүнгө каршы күрөш — ЖЭБде күкүрттү тазалоо системасы ишке киргизилди
Жылуулук берүү мезгили жакындап келе жаткандыгына байланыштуу Бишкек шаарындагы ЖЭБде күкүрттү тазалоо системасы ишке киргизилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматында, бул заманбап экологиялык жабдуу атмосферага чыккан күкүрт кычкылын кыйла азайтууга багытталган.
“Модернизацияланган энергия блоктору пайдаланууга берилген учурдан тартып 2019-жылга чейин күкүрт тазалоо жабдуусу Кытайдын TBEA компаниясынын адистеринин көзөмөлүндө иштеп келген. Кийинчерээк, квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигинен жана гипс камтыган шламды сатып алуучулардын жоктугунан улам, бул система токтотулган”,- деп айтылат маалыматта.
Бирок учурда шламды кайра иштетүү технологияларынын өнүгүшүнө жана шаардагы экологиялык абалды жакшыртуу чараларынын алкагында күкүрттү тазалоо системасынын иши кайра жандандырылды. Мэрия бүгүнкү күндө бул жабдуу Бишкек ЖЭБинин адистеринин көзөмөлүндө иштеп жатканын билдирди.
“Бул технологияны колдонууга алуу – борбор калаанын экологиялык коопсуздугун жогорулатуу программасын ишке ашыруудагы маанилүү кадамдардын бири болду. Ал зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга жана энергия өндүрүүнүн туруктуу ыкмаларына өтүүгө багытталган”,- деп кошумчалады мэрия.
Күкүрт тазалоо системасы көмүр жагылган учурда пайда болгон күкүрт кошундуларынын 96,6%га чейинки бөлүгүн кармап калууга мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде айлана-чөйрөгө болгон жүктү азайтып, Бишкек шаарындагы абанын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.