6-апрель: Айрым аймактарда жаан жаайтКазакстан менен чек арада бир миллион сомдон ашык суммадагы дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуЖалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
Бишкектеги жол кырсыктан 11 киши жараат алды
17.05.2022 | 09:24
Бишкек шаарынын Иса Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде “DАF” үлгүсүндө оор жүк ташуучу унаа, “Honda Fit” жана “Mercedes-Benz Sprinter” жүргүнчү ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 11 киши (3 эркек, 8 аял) аркандай жаракат алышкан. Аты-жөндөрү такталууда. Жерине 6 куткаруучу тартылып Honda Fit үлгүсүндө кыпчылып калган аялды унаадан чыгарып, калгандарына алгачкы жардам көрсөтүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар