Бишкектеги жол кырсыктан кийин ооруканага түшкөн жаран каза болду

Бишкектеги жол кырсыктан кийин ооруканага түшкөн жаран каза болду

Бишкектеги жол кырсыктан кийин ооруканага түшкөн жаран каза болду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 27-сентябрда болжол менен саат 07:00до эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы болгон. «Ниссан-Патрол» унаасынын айдоочусу Жантөшов көчөсү менен баратып Бектенов көчөсүнүн кесилишинде «Саненг-Муссо» унаасын сүзгөн. Жол кырсыктан кийин «Саненг-Муссо» унаасынын 69 жаштагы айдоочу Н. Бекеров ооруканага түшкөн. Кийинчерээк ал алган жараатынан улам көз жумган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен окуяга юридикалык баа берилет. Эки унаа тең айып короосуна коюлган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жол кырсыгы учурунда «Ниссан-Патрол» унаасын айдап келе жатканын айткан 35 жаштагы жаран Н.К. өзүнүн таанышы 36 жаштагы Т.М.нын кылмышын жашыруу үчүн жалган көрсөтмө бергенин билдирген. Берки таанышы да рулда ал отурганын мойнуна алган.

Милиция билдиргендей, учурда тергөө иштери уланууда. Окуянын чоо-жайы илинтенүүдө. Анын жыйынтыгы менен мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.

Учурда «Ниссан-Патрол» унаанын айдоочусу Т.М. жана жалган көрсөтмө берген Н.К. да кармала элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>