Кантта мурдагы аялын уурдап, акча талап кылган 36 жаштагы шектүү кармалдыОш шаарында жаңы өндүрүш зоналарын түзүү пландалууда16-март: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан, кар жаайтБШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады
Бишкекте шаар тургунун сабап, карактоого шектүүлөр кармалды
11.04.2024 | 17:46
Бишкекте каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 10-апрелге караган түнү шаар тургунун белгисиз адамдар сабап, 9 миң сом салынган сумкасын, 4 миң сомдук Bitel телефонун тартып алган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Милиция бул ишке шектүү катары 1997-жылы туулган Т.А. жана 2006-жылы туулган Д.О. аттуу жарандарды кармаган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0(705) 307 703, 0(700) 396 505 номерине кабар берүүсүн суранат.