Бишкекте 8 жашар кыздын мээсинен тутам чач алынды

Бишкекте 8 жашар кыздын мээсинен тутам чач алынды

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүндө мээге татаал операция жасалды. Бул тууралуу Саламатыкты сактоо министрлиги билдирди.

Аны Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Миталип Мамытов жана кафедра башчысы Бакыт Карачев баштаган нейрохирургия бөлүмүнүн дарыгерлери жүргүздү.

Секелек кыз Жалал-Абад облусунан келди. Ага баш мээнин 4-карынчасынын түбүндөгү көлөмдүү шишик деген диагноз коюлган.

«Шишиктин (тератоманын) ичинде бир тутам чач болгон, ал, болжол менен, бала төрөлгөндөн тартып ооруканага кайрылганга чейин өсүп келген. Аталган карынчанын түбүндө чачтын тамыры болгон, балким ал жатын ичиндеги өнүгүүнүн бузулушу менен байланыштуу болгон. Чачтын өсүүсүнүн уланышы бейтаптын ден соолугуна коркунуч келтирмек», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>