Кайда экенин билебиз, бирок жетүү мүмкүн эмес: Тоолор Наталья Наговицинаны коё берген жокКыргызстанда калктын саны 7,3 миллион адамга жеттиБишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелиги ачылдыБыйыл Кыргызстан Ооганстанга жүк ташуучу унаалардын экспортун көбөйттүКыргызстанда 3400дөн ашык айдоочуга ОСАГО жоктугу үчүн айып пул салындыБишкектеги жол оңдоо иштери качан бүтөт? Тургундардын сабырын сынаган тыгын
Бишкектен “Ала-Арча” паркына туруктуу автобус каттай баштады (схема)
16.05.2025 | 16:47
Бишкек шаарынан “Ала-Арча” жаратылыш паркына №1 жарым-жартылай экспресс каттамы иштей баштады. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Автобус Бишкек шаарынын Т.Усубалиев атындагы эски аянтынан чыгып “Ала-Арча” паркына чейин барат. Автобустар 20-30 мүнөт аралыгында Жусуп Абдрахманов көчөсү аркылуу жүрөт.
Автобус саат таңкы 08:00дөн кечки 19:00 чейин жүрөт. Накталай төлөм – 50 сом, накталай эмес төлөм – 40 сомду түзөт.
Аталган Бишкек-Ала-Арча экспресс каттамын 12 метрлик заманбап 6 Исузу автобустары тейлейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом