Бишкектен эреже бузган айдоочулар Ысык-Көлдөн кармалууда

Бишкектен эреже бузган айдоочулар Ысык-Көлдөн кармалууда

Бишкектен эреже бузган айдоочулар Ысык-Көлдөн кармалууда. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандардын кайрылууларын түз кабыл алган (0777)102-102 ватсап номурун ишке киргизген.

Бул ишеним номуруна Бишкектен Ысык-Көл облусуна каттаган маршруттук таксилердин ичиндеги жүргүнчүлөр айдоочулардын каттуу ылдамдыкта айдагандарын, карама-каршы тилкелерге чыккандарын, ичиндеги жарандардын өмүрүнө коркунуч туудуруп, туура эмес жерлерден жүргүнчүлөрдү салып түшүргөндөрүн, жана техникалык бузууларын сүрөт жана видое тасмага тартып жөнөтүшкөн.

Бул эреже бузган айдоочуларга тийиштүү чара көрүү үчүн, ЖКККББнын Транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү рейддик иш-чараларды жүргүзүп, Бишкектен жол эрежелерин бузган айдоочуларды Ысык-Көл облусунун кире бериш жеринен токтотушуп, одоно жол эрежелерин бузгандыгы, текшерүү учурунда техникалык кароодон өтпөгөндүгү, лицензиялык талаптарга жооп бербегендиги үчүн жалпысынан 28 протокол толтурулуп, 135 000 сомго айып салышты.

Ошондой эле маршруттук унаалардын айдоочуларынын кан басымы текшерилип, жол эрежелери боюнча тийиштүү нускамалар жеткирилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>