Бишкектен Нарынга эми GoBus автобустары каттай баштайт

Бишкектен Нарынга эми GoBus автобустары каттай баштайт

Ушул жылдын 8-августунан тарта Бишкек — Нарын багыты боюнча GoBus автобустары каттай баштайт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, каттамдар күн сайын аткарылат.

«Автобустар Бишкектеги Ибраимов көчөсүнөн эртең менен саат 8де Нарынды көздөй, ал эми Нарындан борбор калаага саат 10до сапар алат. Жол убактысы төрт жарым саатты түзөт. Билеттин баасы — 500 сом», — деп билдирди Туризмди өнүктүрүү фонду.

Мындан тышкары, туристтердин Нарын жергесине болгон кызыгуусу жылдан жылга өсүп баратканы кошумчаланган. Алар көбүнчө Борбор Азиядагы эң чоң, бийиктиги 400 метр болгон Шар шаркыратмасын, Таш-Рабат, Соң-Көл, Чатыр-Көл жана Кел-Сууну көрүүгө келишет.

Каттамдар тууралуу толук маалыматты GoBus мобилдик тиркемесинен же 0706 880087 номеринен билүүгө болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>