Кыргызстандын бийлиги университеттердеги келишим бааларына мамлекеттик көзөмөлдү кайтарууну талкуулоодоБишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 66-орунду ээледиМилиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат бердиАла-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза таптыКыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттүЖогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдө
Бишкектин 133 көчөсүнө туз себилет
27.12.2021 | 10:30
Таңкы саат 4:00дөн тарта «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардагы карларды күрөп, тазалап жатышат. Бул туурасында Бишкек мэриясынан билдирдишти.
Маалыматка караганда, ар кандай тоңуп калган карларды, муздарды чагышууда. Учурда 10 тонна техникалык туз себилди. Шаардын 133 көчөсүндө туз себилүүдө.
Жалпы 39 техника иш алып барууда. 6 МАЗ үлгүсүндөгү кар тазалоочу машина, ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү 2 кум себүүчү машина, 2 жүктөгүч, щетка жана күрөктүү 5 трактор (Беларусь) жана 4 универсалдуу комбайн тартылган. Ошондой эле 121 жүктөгүч жана 650 тазалоочу нөөмөттө.

Урматтуу жарандар! Унаа жолдорунун боюндагы айрым тилкелер тазаланбай калганына күбө болсоңуз 0554 182 185 номуруна же 1840 жана 1850 номурларына күнү-түнү дебей кабарлаңыз.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар