Борбордо Бишкектин 145 жылдыгына карата этно-спектакль өттү

26.04.2023 | 13:34

Борбор калаада Бишкектин 145 жылдыгына карата этно-спектакль өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Таберик” балдар музыкалык театры Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата “Бишкегим – Алтын бешигим” аттуу музыкалык этно-спектаклин койду. Иш-чарага Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев катышты.

Спектакль Батыш менен Чыгыш цивилизациясынын ортосундагы байланыштын негизги булагы катары Чүй өрөөнүнүн кесилишиндеги Жибек жолунун калыптанышынын жана өнүгүшүнүн тарыхый фактылары менен негизделген.

“Бишкеким – Алтын бешим” этникалык спектаклинин толук версиясын бул шилтемеден көрө аласыздар.

[image_carousel source=”media: 187538,187539,187540,187541,187542,187543″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top