Бишкекте зордуктоого айыпталган чет элдик жарандын иши кыскартылды

Бишкекте зордуктоого айыпталган чет элдик жарандын иши кыскартылды

Бишкекте мекендешин зордуктоого айыпталган Пакистандын жараны боюнча кылмыш иши тараптардын жарашуусунан улам кыскартылды. Чечим Жогорку соттун сайтында жарыяланды.

Пакистандын Ш.аттуу жаранына зордуктоо жана сексуалдык мүнөздөгү аракеттер беренелери боюнча айып тагылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал өткөн жылдын декабрынын аягында 31 жаштагы Н. атуу аялды жарандык паспортун кайтарып берем деген шылтоо кафеге чакырган. Ал жерден ал аялга документ алуу үчүн батирине барышы керектигин айткан.

Батирге баргандан кийин эшигин бекитип, аялга физикалык күч колдонуп, оозун чүпүрөк менен таңып, колун байлап койгон. Андан соң аялды зордуктап жана зомбулук аракеттерди жасаган. Эртеси жабырлануучу качып кетип, Пакистандын элчилигине жардам сурап кайрылган.

Соттук отурумдун жүрүшүндө соттолуучунун жактоочусу учурда жабырлануучу тараптын эч кандай дооматы жок экенин белгилеп, тараптардын жарашуусуна жана материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтурууга байланыштуу кылмыш ишин токтотуу өтүнүчү менен кайрылган. Жабырлануучу бул маалыматты тастыктаган.

Соттолуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, кылган ишине өкүнүп жатканын айтып, арызды канааттандырууну өтүнгөн.

Свердлов райондук соту тараптардын жарашуусуна жана келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтурууга байланыштуу кылмыш ишин токтотуу жана жаранды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу чечимин чыгарды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>