Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт
19.07.2023 | 17:54
Бишкек шаарынын айрым жеринде 25-июлда саат 08:00дөн 26-июль саат 09:00гө чейин ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Өчүрүү аймагы: Ахунбаев, 7-апрель, Горький, Белорусская – Шүкүров, 7-апрель, Анкара, Октябрь көчөлөрү. Чоң Чүй каналы, Шоокум, Коңорчок, Көк-Жар көчөлөрү.
Бул даректердеги турак-жай имараттарына, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жайга ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Ичүүчү суунун өчүрүлүшү профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу.
«Бишкексууканал» башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом