АКШ Кыргызстанга карата санкция киргизүүгө камданып жатат, — ЖМК

АКШ Кыргызстанга карата санкция киргизүүгө камданып жатат, — ЖМК

Ак үй Кыргызстанды Орусияга санкцияланган товарларды экспорттоону токтотууга мажбурлоо үчүн экономикалык чараларды даярдап жатат. Бул тууралуу Washington Post кабары бар америкалык чиновниктерге шилтеме берип билдиргенин РИА Новости маалымдады.

Буга чейин ЕБ өкүлдөрү Евробиримдиктин өлкөлөрүнөн Борбор Азиянын айрым мамлекеттерине, анын ичинде Казакстан менен Кыргызстанга, ошондой эле Арменияга жана бул өлкөлөрдөн Россияга соода агымынын «шектүү» өсүшү байкалганын белгилешкен.

«АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы өлкөнү бул сооданы токтотууга мажбурлоо үчүн жаңы экономикалык чараларды даярдап жатат», — деп жазат басылма.

Аткаминерлердин айтымында, чектөөлөр ушул жумада жарыяланышы мүмкүн. Басылма мындай кадамга америкалык жана европалык дипломаттардын Бишкекке «айлап жасаган сапарларынын майнапсыз» болушу таасирин тийгизгендигин белгилеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>