Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Бишкектин айрым райондорунда 3–5-ноябрь күндөрү газ берүү убактылуу токтотулат
03.11.2025 | 17:50

«Бишкекгаз» ишканасынын маалыматы боюнча, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштери жүргүзүлүшүнө байланыштуу, 3–5-ноябрь күндөрү Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.
Газ берүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо токтотулат:
- Чыңгыз Айтматов проспектиси,
- Л. Толстой көчөсү,
- Матыев көчөсү,
- Бакаев көчөсү,
- Гагарин көчөсү.
Маалыматка караганда, оңдоо иштери шаардын жолдор тармагын реконструкциялоо боюнча иштерге байланыштуу жүргүзүлүүдө.
«Бишкекгаз» ишканасы шаар тургундарынан газ берүү токтотулган мезгилде альтернативдүү энергия булактарын колдонууга жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом