Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Чет элдик журналисттерди мөөнөтүнөн мурда шайлоону чагылдыруу үчүн аккредитациялоо башталды
03.11.2025 | 17:00

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону чагылдыруу үчүн чет элдик ЖМК өкүлдөрүн аккредитациялоо башталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, аккредитациядан өтүү үчүн бардык чет элдик журналисттер 2025-жылдын 17-ноябрына чейин белгиленген формадагы маалыматты паспорттун көчүрмөсү менен бирге төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүшү керек: [email protected]
Эгер кошумча суроолор жаралса, журналисттер төмөнкү байланыштар аркылуу кайрыла алышат:
+ 996 (312) 62-65-59
+ 996 (709) 10-64-35 (WhatsApp)
Тышкы иштер министрлиги белгилегендей, аккредитациялоо жол-жобосу тууралуу кошумча маалымат министрликтин расмий сайтында жайгашкан.