Ушул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталдыСадыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктадыИюль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайы
Бишкектин бир бөлүгүндө 10-апрелде суу өчүрүлөт (карта)
09.04.2025 | 09:00
10-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, суу саат 10:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакта өчүрүлөт:
- Алыкулов көчөсү – Кустанай көчөсү – БЧК – Ала-Арча суусу – Рыскулов көчөсү (Д. Сяопин проспектиси) — Интергельпо — темир жол линиясы.
- (Пригородное) Юбилейная көчөсү- Горький көчөсү- Садовая көчөсү (Пригородное) – БЧК.
Өчүрүү «Аскер шаарчасы», «Кызыл Аскер» конуштарын, 110-квартал, Достук кичирайонун да камтыйт.
“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарга ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну эскертти.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом